ЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИ Брюс (27. 11. 1940, Сан-Франциско - 20. 7. 1973, Гонконг) - америкалык жана гонкгонгдук спортчу, киноактёр, продюсер, сценарист. Чыгыш
жекеме-жеке кармашынын чебери, өзүнүн «Джит Кун-до» стилин негиздеген. 13 жашынан тарта винчунь (бир эле учурда коргонууну, кол салууну камтыган) стилинин чебери Ип Мандын мектебинен билим ала баштайт. Жыйынтыгында Л. бокс, дзюдо, жиу-жицу, кунфу стилдерин өздөштүрүп чыккан. Сиэтлдеги Эдисон техникалык мектебин аяктап, Вашингтон университетине тапшырган. 1960-жылдары телекөрсөтүүлөргө жана кино тасмаларына активдүү тартыла баштаган. Жалпысынан 36 кинодо роль жараткан («Болыпой босс», «Кулак ярости» ж. б.).