МУСАЕВ Манасбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
'''МУСАЕВ''' Манасбек (24. 04. 1942-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – белгилүү кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1979), Кыргыз Республикасынын кинематография академиясынын академиги.

МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын ш.) - кинооператор-коюучу, КРдин искусствосуна эмг. сиң. ишмери (1977), КРдин эл арт. (1991). ВГИКтин операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960- жылдан[[File:МУСАЕВ_1.jpg|thumb]] «Кыргызфильм» киностудиясында жардам­чы оператор, 1970-жылдан оператор. Алгач документ фильмдери («Муке», «Жо­горку чыңалуу» ж. б.) «Со­веттик Кыргызстан», «Күн­дөлүк жаңылыктар» кино­журналдарына кирген М. тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдак­тары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) ж. б. Ал Тбилиси ш-нда өткөн Бүткүл союздук кинофес­тивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) бай­ге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе ш-нда өткөн

[[File:МУСАЕВ_2.jpg|thumb|М. Мусаев иш үстүндө.]]

Бүткүл союздук кино 9-фестивалда (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто ш.) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге ээ болгон. СССР Мамлекеттик сыйл. лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйл. (2009) ээси. КР Кино искусство академиясы­нын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проф. (2001). Даңк медалы менен сыйланган.

'''Өмүр таржымалы'''
[[Category:5-том,_401-500_бб]]
[[Файл:Мусаев Манасбек.jpg|left|thumb]]
Ал чыгармачылык жолун кинодон баштаган эмес, алгач Тянь-Шань облустук китепканасында библиограф болуп иштеген. Ырас, кээде «Соң-Көл» кинотеатрына плакаттарды да жазчу. Кино майданына келген Манасбек Мусаев Фрунзе кинохроникалык-даректүү тасмалар студиясынын хроникалык өнөрканасында студенттик оператор болуп иштөөдөн баштап (1960), жогорку категориядагы көркөм тасмалардын режиссерлугуна чейин жеткен.

Манасбек Мусаев 1962-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып, аны 1970-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жатып, Москва аскер округунун офицерлер үйүнүн студиясында Советтер Союзунун Баатыры И. Лара тууралуу «Реквием» жана Москванын баатыр коргоочулары жөнүндө «Панфиловчулар» тасмасын тарткан.
[[Файл:Тарткан тасмалары.jpg|thumb]]
1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп, «Советтик Кыргызстан» жана «Күндүн кабарлары» киножурналдарына аңгемелерди, даректүү тасмаларды, 1972-жылдан тарта 30дан ашык көркөм жана кинохроникалык даректүү тасмаларды тарткан. Бул тасмалардын көпчүлүгү Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон.

1997-жылдан баштап М. Мусаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио, журналистика кафедрасында сабак бере баштаган. Ал эми 2001-жылы  «профессор» наамы ыйгарылган. Мусаев Манасбек Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде да сабак берген. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет.

Манасбек Мусаевдин сыйлыктарынын арасында «Даңк» медалы (2006), улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» атайын сыйлыгы дагы бар. Ошондой эле М. Мусаев «Фотографиянын негиздери», «Кинооператорлук чеберчилик» окуу китептерин жана «Эсимде калган кинокадрлар», «Айтматовдун ааламындагы фотографиялар» аттуу китептерин басып чыгарган.

'''Тарткан тасмалары'''

·        1969 – «Эстөө жана билүү» (даректүү тасма)

·        1970 – «Муке» (даректүү тасма)
[[Файл:Юбилейде.jpg|thumb]]
·        1971 – «Жогорку чыңалуу» (даректүү тасма)

·        1972 – «Ак куулар учуп келишет»

·        1974 – «Сүйүү жаңырыгы» (ТВ)

·        1975 – «Ак кеме»

·        1978 – «Эл арасында»

·        1979 – «Процесс»

·        1981 – «Аялсыз эркектер»

·        1983 – «Бөрү зындан»

·        1985 – «Ай бакшысы»

·        1987 – «Жашы жеткендер үчүн баш калкалоочу жай»

·        1989 – «Кутум»
[[Файл:Ак илбирс сыйлыгы.jpg|thumb]]
·        1993 – «Үмүт менен»

·        1994 – «Жамийла»

·        2005 – «Оргуштаган дарыя, бейпил деңиз»

Кыргыздын мыкты кинооператорлорунун бири, көрүнүктүү кино чебер Манасбек Мусаев татыктуу курагында да китептерин чыгарып, жеке сүрөт көргөзмөлөрүн даярдап, кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларга катышып келет.
[[Категория:Жаңы макалалар]]

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын ш.) - кинооператор-коюучу, КРдин искусствосуна эмг. сиң. ишмери (1977), КРдин эл арт. (1991). ВГИКтин операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960- жылдан

«Кыргызфильм» киностудиясында жардам­чы оператор, 1970-жылдан оператор. Алгач документ фильмдери («Муке», «Жо­горку чыңалуу» ж. б.) «Со­веттик Кыргызстан», «Күн­дөлүк жаңылыктар» кино­журналдарына кирген М. тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдак­тары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) ж. б. Ал Тбилиси ш-нда өткөн Бүткүл союздук кинофес­тивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) бай­ге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе ш-нда өткөн

М. Мусаев иш үстүндө.

Бүткүл союздук кино 9-фестивалда (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто ш.) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге ээ болгон. СССР Мамлекеттик сыйл. лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйл. (2009) ээси. КР Кино искусство академиясы­нын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проф. (2001). Даңк медалы менен сыйланган.