МУСАЕВ Манасбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын шаары) - кинооператор-коюучу,Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1977), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин (ВГИК) операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында жардам­чы оператор, 1970-жылдан оператор.

Алгач документ фильмдери («Муке», «Жо­горку чыңалуу» жана башкалар) «Со­веттик Кыргызстан», «Күн­дөлүк жаңылыктар» кино­журналдарына кирген М. Мусаев тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдак­тары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) жана башкалар. Ал Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофес­тивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) бай­ге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе шаарында өткөн

М. Мусаев иш үстүндө.

Бүткүл союздук кино 9-фестивалында (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто шаары) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари шаары) атайын байгеге ээ болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун

Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйлыгынын (2009) ээси. Кыргыз Республикасынын Кино искусство академиясы­нын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2001). Даңк медалы менен сыйланган.