КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ</b> – мамл.
<b type='title'>КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ</b> – мамлекеттик бийлик адамдар ортосундагы келишим түзүүдөн улам пайда болгон философиялык ж-а юридикалык доктри&shy;на. Коомдук келишим тууралуу алгач Эпикур ж-а анын окуусун улантуучу Лукреций Кар ай&shy;тышкан. Коомдук келишим теориясынын (мамлекеттин пайда болу&shy;шунун келишим теориясы) тарыхындагы жаңы мезгил Батыш Европадагы буржуазиялык мамилелердин өнүгүшү м-н байланыштуу, ал жаңы мезгилде абсолюттук феодалдык монархия м-н күрөштүн идея&shy;лык негизи түзүлүп, феодалдык институттар ж-а идеология сынга алынган. Бийлик, мамлекет кудайдын амири м-н пайда болду деген теория&shy;га карама-каршы коомдук келишим теориясы табигый укук доктри&shy;насынын негизинде мамлекет эркин ж-а көз карандысыз индивиддердин макулдашуусу м-н пайда болуп, алардын укуктарын коргойт де&shy;ген. Өзүнүн өнүгүшүндө бул теория ар кандай интерпретацияланган. Мисалы, Томас Гоббс мам&shy;лекет пайда болгонго чейинки абалды «барды&shy;гынын бардыгына каршы согуш абалы» ката&shy;ры сүрөттөйт ж-а жалпы бийлик, мыйзам ж-а адилеттүүлүк жок табигый абалда ар бир адам бардыгына укугу бар, бул анын табигый укугу ж-а эркиндиги деп эсептейт. Мындай шартта адам акылы тынчтыкты көздөп, ар бир адам тынчтык м-н коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн табигый укуктарынан баш тартууга далалат кылат. Натыйжада адамдарды коркунучта кар&shy;мап, алардын аракеттерин жалпы жыргалга багыттап турган мамлекет түзүү жөнүндө келишим түзүүгө аргасыз болушат. Бирок Гоббстун тео&shy;риясы эркин ж-а көзөмөлсүз абсолюттук мамлекетти негиздөөгө жол берген. Жон Локктун теориясы Гоббстукуна караганда либералдык мүнөздө, адамдар м-н мамлекет ортосундагы келишим принципке шайкеш келиши керек ж-а ага ыла&shy;йык эгемендүүлүктүн булагы катары эл деспо&shy;тиялык бийликти коомдук келишимдин бузуу&shy;чусу деп кулатууга укугу бар. Ошондой эле ар бир адам коомдук келишимге кошулуу ж-а мамле&shy;кетке мүчө болуу же андан чыгып кетүү маселе&shy;син эрезеге жеткенде өзү чечет. Коомдук келишим теориясы прогрес&shy;сивдүү мааниге ээ болгонуна карабай, негизи&shy;нен, буржуазия м-н буржуазиялык коомдун талабын жактаган. Мамлекеттин пайда болушу ж-а ма&shy;ңызы тууралуу ил. окууну К. Маркс, Ф. Энгельс ж-а В. И. Ленин да жаратышкан, алардын пи&shy;кири боюнча мамлекет коомдун белгилүү бир та&shy;рыхый этабында таптардын түзүлүшү м-н пай&shy;да болот. Коомдук келишим теориясын Улуу Британияда Ж. Лилберн ж-а Ж. Мильтон, Германияда И. Кант, И. Фих&shy;те, Америкада Т. Пейн, Россияда А. Н. Радищев ж. б. уланткан.
бийлик адамдар ортосундагы келишим түзүүдөн улам пайда болгон филос. ж-а юрид. доктри&shy;на. Коомдук келишим тууралуу алгач Эпикур ж-а анын окуусун улантуучу Лукреций Кар ай&shy;тышкан. К. к. т-нын (мамлекеттин пайда болу&shy;шунун келишим теориясы) тарыхындагы жаңы мезгил Батыш Европадагы бурж. мамилелердин
өнүгүшү м-н байланыштуу, ал жаңы мезгилде абс. феодалдык монархия м-н күрөштүн идея&shy;лык негизи түзүлүп, феодалдык ин-ттар ж-а идеология сынга алынган. Бийлик, мамлекет кудайдын амири м-н пайда болду деген теория&shy;га карама-каршы К. к. т. табигый укук доктри&shy;насынын негизинде мамлекет эркин ж-а көз карандысыз индивиддердин макулдашуусу м-н пайда болуп, алардын укуктарын коргойт де&shy;ген. Өзүнүн өнүгүшүндө бул теория ар кандай интерпретацияланган. Мис., Томас Гоббс мам&shy;лекет пайда болгонго чейинки абалды «барды&shy;гынын бардыгына каршы согуш абалы» ката&shy;ры сүрөттөйт ж-а жалпы бийлик, мыйзам ж-а адилеттүүлүк жок табигый абалда ар бир адам бардыгына укугу бар, бул анын табигый укугу ж-а эркиндиги деп эсептейт. Мындай шартта адам акылы тынчтыкты көздөп, ар бир адам тынчтык м-н коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн
табигый укуктарынан баш тартууга далалат кылат. Натыйжада адамдарды коркунучта кар&shy;мап, алардын аракеттерин жалпы жыргалга багыттап турган мамлекет түзүү ж-дө келишим түзүүгө аргасыз болушат. Бирок Гоббстун тео&shy;риясы эркин ж-а көзөмөлсүз абс. мамлекетти негиздөөгө жол берген. Жон Локктун теориясы Гоббстукуна караганда либералдык мүнөздө, адамдар м-н мамлекет ортосундагы келишим принципке шайкеш келиши керек ж-а ага ыла&shy;йык эгемендүүлүктүн булагы катары эл деспо&shy;тиялык бийликти коомдук келишимдин бузуу&shy;чусу деп кулатууга укугу бар. О. эле ар бир адам коомдук келишимге кошулуу ж-а мамле&shy;кетке мүчө болуу же андан чыгып кетүү маселе&shy;син эрезеге жеткенде өзү чечет. К. к. т. прогрес&shy;сивдүү мааниге ээ болгонуна карабай, негизи&shy;нен, буржуазия м-н бурж. коомдун талабын жактаган. Мамлекеттин пайда болушу ж-а ма&shy;ңызы тууралуу ил. окууну К. Маркс, Ф. Энгельс
ж-а В. И. Ленин да жаратышкан, алардын пи&shy;кири б-ча мамлекет коомдун белгилүү бир та&shy;рыхый этабында таптардын түзүлүшү м-н пай&shy;да болот. К. к. т-н Улуу Британияда Ж. Лилберн ж-а Ж. Мильтон, Германияда И. Кант, И. Фих&shy;те, Америкада Т. Пейн, Россияда А. Н. Радищев ж. б. уланткан.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

07:58, 1 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ – мамлекеттик бийлик адамдар ортосундагы келишим түзүүдөн улам пайда болгон философиялык ж-а юридикалык доктри­на. Коомдук келишим тууралуу алгач Эпикур ж-а анын окуусун улантуучу Лукреций Кар ай­тышкан. Коомдук келишим теориясынын (мамлекеттин пайда болу­шунун келишим теориясы) тарыхындагы жаңы мезгил Батыш Европадагы буржуазиялык мамилелердин өнүгүшү м-н байланыштуу, ал жаңы мезгилде абсолюттук феодалдык монархия м-н күрөштүн идея­лык негизи түзүлүп, феодалдык институттар ж-а идеология сынга алынган. Бийлик, мамлекет кудайдын амири м-н пайда болду деген теория­га карама-каршы коомдук келишим теориясы табигый укук доктри­насынын негизинде мамлекет эркин ж-а көз карандысыз индивиддердин макулдашуусу м-н пайда болуп, алардын укуктарын коргойт де­ген. Өзүнүн өнүгүшүндө бул теория ар кандай интерпретацияланган. Мисалы, Томас Гоббс мам­лекет пайда болгонго чейинки абалды «барды­гынын бардыгына каршы согуш абалы» ката­ры сүрөттөйт ж-а жалпы бийлик, мыйзам ж-а адилеттүүлүк жок табигый абалда ар бир адам бардыгына укугу бар, бул анын табигый укугу ж-а эркиндиги деп эсептейт. Мындай шартта адам акылы тынчтыкты көздөп, ар бир адам тынчтык м-н коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн табигый укуктарынан баш тартууга далалат кылат. Натыйжада адамдарды коркунучта кар­мап, алардын аракеттерин жалпы жыргалга багыттап турган мамлекет түзүү жөнүндө келишим түзүүгө аргасыз болушат. Бирок Гоббстун тео­риясы эркин ж-а көзөмөлсүз абсолюттук мамлекетти негиздөөгө жол берген. Жон Локктун теориясы Гоббстукуна караганда либералдык мүнөздө, адамдар м-н мамлекет ортосундагы келишим принципке шайкеш келиши керек ж-а ага ыла­йык эгемендүүлүктүн булагы катары эл деспо­тиялык бийликти коомдук келишимдин бузуу­чусу деп кулатууга укугу бар. Ошондой эле ар бир адам коомдук келишимге кошулуу ж-а мамле­кетке мүчө болуу же андан чыгып кетүү маселе­син эрезеге жеткенде өзү чечет. Коомдук келишим теориясы прогрес­сивдүү мааниге ээ болгонуна карабай, негизи­нен, буржуазия м-н буржуазиялык коомдун талабын жактаган. Мамлекеттин пайда болушу ж-а ма­ңызы тууралуу ил. окууну К. Маркс, Ф. Энгельс ж-а В. И. Ленин да жаратышкан, алардын пи­кири боюнча мамлекет коомдун белгилүү бир та­рыхый этабында таптардын түзүлүшү м-н пай­да болот. Коомдук келишим теориясын Улуу Британияда Ж. Лилберн ж-а Ж. Мильтон, Германияда И. Кант, И. Фих­те, Америкада Т. Пейн, Россияда А. Н. Радищев ж. б. уланткан.