КОНЦЕПЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНЦЕ́ПЦИЯ</b> (лат. conception – түшүнүү, система) – кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү же процессти түшүнүүнүн бир ыкмасы. | <b type='title'>КОНЦЕ́ПЦИЯ</b> (лат. conception – түшүнүү, система) – кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү же процессти түшүнүүнүн бир ыкмасы. Концепция илимий, көркөм, техникалык, саясий ж. б. ишмердиктеги конструктивдүү принципти, негизги ойду белгилөө үчүн колдонулат. Концепциянын философия, теология ж-а илимде өзгөчөлүгү бар. Философияда кон­цепциялык формада берилет, теологияда, эре­же катары, «концепция» терминин ага жакын «доктрина» (лат. окутуу, doctrina – окуу) термини м-н алмаштырат. «Концепция» термини окутуу, үйрөтүү, тарбиялоо маанисинде «догматтыкты» баса белгилөө максатында идеологиялык ж-а политологиялык дискурстарда да колдонулат (мисалы, коммунисттик доктрина). Классикалык илимий дискурстарда концепцияны «теория» м-н теңөө, окшоштуруу тенденциясы да бар, мында концепция көбүнчө «толук эмес» теорияны түшүндүрөт. Бирок, илимде концепция билимдин, өзгөчө социологиялык-гуманитардык билимдин (мисалы, социологиядагы социалдык алмашуу концепциясы) өз алдынча формасы да боло алат. Концепциянын негизинде мыйзам актылары (мисалы, орто мектепте) билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу программала­ры, китептери ж. б. жазылат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
05:29, 31 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНЦЕ́ПЦИЯ (лат. conception – түшүнүү, система) – кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү же процессти түшүнүүнүн бир ыкмасы. Концепция илимий, көркөм, техникалык, саясий ж. б. ишмердиктеги конструктивдүү принципти, негизги ойду белгилөө үчүн колдонулат. Концепциянын философия, теология ж-а илимде өзгөчөлүгү бар. Философияда концепциялык формада берилет, теологияда, эреже катары, «концепция» терминин ага жакын «доктрина» (лат. окутуу, doctrina – окуу) термини м-н алмаштырат. «Концепция» термини окутуу, үйрөтүү, тарбиялоо маанисинде «догматтыкты» баса белгилөө максатында идеологиялык ж-а политологиялык дискурстарда да колдонулат (мисалы, коммунисттик доктрина). Классикалык илимий дискурстарда концепцияны «теория» м-н теңөө, окшоштуруу тенденциясы да бар, мында концепция көбүнчө «толук эмес» теорияны түшүндүрөт. Бирок, илимде концепция билимдин, өзгөчө социологиялык-гуманитардык билимдин (мисалы, социологиядагы социалдык алмашуу концепциясы) өз алдынча формасы да боло алат. Концепциянын негизинде мыйзам актылары (мисалы, орто мектепте) билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу программалары, китептери ж. б. жазылат.