КОНЦЕПЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕ́ПЦИЯ (лат. conception – түшүнүү, система) – кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү же процессти түшүнүүнүн бир ыкмасы. Концепция илимий, көркөм, техникалык, саясий ж. б. ишмердиктеги конструктивдүү принципти, негизги ойду белгилөө үчүн колдонулат. Концепциянын философия, теология ж-а илимде өзгөчөлүгү бар. Философияда кон­цепциялык формада берилет, теологияда, эре­же катары, «концепция» терминин ага жакын «доктрина» (лат. окутуу, doctrina – окуу) термини м-н алмаштырат. «Концепция» термини окутуу, үйрөтүү, тарбиялоо маанисинде «догматтыкты» баса белгилөө максатында идеологиялык ж-а политологиялык дискурстарда да колдонулат (мисалы, коммунисттик доктрина). Классикалык илимий дискурстарда концепцияны «теория» м-н теңөө, окшоштуруу тенденциясы да бар, мында концепция көбүнчө «толук эмес» теорияны түшүндүрөт. Бирок, илимде концепция билимдин, өзгөчө социологиялык-гуманитардык билимдин (мисалы, социологиядагы социалдык алмашуу концепциясы) өз алдынча формасы да боло алат. Концепциянын негизинде мыйзам актылары (мисалы, орто мектепте) билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу программала­ры, китептери ж. б. жазылат.