КОНТРИБУЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНТРИБУ́ЦИЯ</b> (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. | <b type='title'>КОНТРИБУ́ЦИЯ</b> (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. Контрибуциянын бул 2 түрү талоончулуктан пайда болгон, анын алгачкы формасы согуш олжосун ээлеп алуу эле, бул кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык мезгилдеги согуштарга таандык. 18-кылымдын аягынан контрибуция тынчтык келишимдин шарты болуп калды. Айрым учурда согуш чыгымына элдин согуш зыяны, согуш рек­визициясы да кошулуп эсептелген. 2-дүйнөлүк согуш тажрыйбасын эсепке алып, 1949-жылы Женева конференциясы контрибуцияга тыюу салган. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
08:05, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНТРИБУ́ЦИЯ (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. Контрибуциянын бул 2 түрү талоончулуктан пайда болгон, анын алгачкы формасы согуш олжосун ээлеп алуу эле, бул кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык мезгилдеги согуштарга таандык. 18-кылымдын аягынан контрибуция тынчтык келишимдин шарты болуп калды. Айрым учурда согуш чыгымына элдин согуш зыяны, согуш реквизициясы да кошулуп эсептелген. 2-дүйнөлүк согуш тажрыйбасын эсепке алып, 1949-жылы Женева конференциясы контрибуцияга тыюу салган.