НООКАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НООКАТ - Ош облусундагы шаар (2003-жылдан), Ноокат р-нун администрациялык борбору. Ноокат өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте, Ош - Кызыл­Кыя автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Ош шаарынан 50 км түштүк тарапта. 1870-жылы кыштак катары негизделген. 2003-жылы чейин Эски-Ноо­кат кыш. Калкы 15,1 миң (2011); негизинен кыр­гыздар, ошондой эле өзбек, татар, орус ж. б. улут өкүл­дөрү да жашайт. Өнөр жайынын негизин таме­кини кайра иштетүү тармагы түзөт: «Максат» АК, «Баргы» (тамеки ферменттөөчү завод), «Ас­тарта-Дюбек» ЖЧК, «Ноокат-Намеда» АК, «Ноокат-Тамекиси» ЖАК ж. б. Шаарда 2 орто мектеп, жатак-мектеп, китепканалар, край таа­нуу музейи, маданият үйү, клубдар, оорукана, тиш поликлиникасы ж. б. медициналык мекемелер, дарыка­налар бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода жана тамактануучу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе-барлар, чайкана­лар, базарлар иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.