НООКАТ
НООКАТ - Ош облусундагы шаар (2003-жылдан), Ноокат р-нун администрациялык борбору. Ноокат өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте, Ош - КызылКыя автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Ош шаарынан 50 км түштүк тарапта. 1870-жылы кыштак катары негизделген. 2003-жылы чейин Эски-Ноокат кыш. Калкы 15,1 миң (2011); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, татар, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Өнөр жайынын негизин тамекини кайра иштетүү тармагы түзөт: «Максат» АК, «Баргы» (тамеки ферменттөөчү завод), «Астарта-Дюбек» ЖЧК, «Ноокат-Намеда» АК, «Ноокат-Тамекиси» ЖАК ж. б. Шаарда 2 орто мектеп, жатак-мектеп, китепканалар, край таануу музейи, маданият үйү, клубдар, оорукана, тиш поликлиникасы ж. б. медициналык мекемелер, дарыканалар бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода жана тамактануучу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе-барлар, чайканалар, базарлар иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.