МУСАЕВ Манасбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

6 ноябрь 2026, саат 08:11 учурдагы нуска

МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын ш.) - кинооператор-коюучу, КРдин искусствосуна эмг. сиң. ишмери (1977), КРдин эл арт. (1991). ВГИКтин операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960- жылдан

«Кыргызфильм» киностудиясында жардам­чы оператор, 1970-жылдан оператор. Алгач документ фильмдери («Муке», «Жо­горку чыңалуу» ж. б.) «Со­веттик Кыргызстан», «Күн­дөлүк жаңылыктар» кино­журналдарына кирген М. тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдак­тары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) ж. б. Ал Тбилиси ш-нда өткөн Бүткүл союздук кинофес­тивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) бай­ге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе ш-нда өткөн

М. Мусаев иш үстүндө.

Бүткүл союздук кино 9-фестивалда (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто ш.) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге ээ болгон. СССР Мамлекеттик сыйл. лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйл. (2009) ээси. КР Кино искусство академиясы­нын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проф. (2001). Даңк медалы менен сыйланган.