МУЗЫКАЛЫК СЫН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МУЗЫКАЛЫК СЫН - белгилүү бир эстетика­лык көз караштын, түшүнүктүн негизинде музыкалык чыгармачылыктын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы музыкалык чыгармаларды тал­доо, изилдөө жана баалоо; музыка таануунун бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этногра­фиясы изилденет. М. с. - музыкалык изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. М. с. рецензия, нотогра­фия, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе ж. б. түрлөргө бөлүнөт. М. с. аткаруучулар менен угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптан­дырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттан­дырууда негизги ролду ойнойт.