МУБАРАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУБАРАК Хосни Сейид [4. 5. 1928-жылы туулган, Минуфия губерниясы, Шибин ал-Кум округу (марказы), Кафр аль-Мусайлаха кыш.] - аскер жана саясий ишмер, армиянын генерал-лейтенанты (1974).

Египеттин 4-президенти (1981-2011). 1949-ж. Каирдеги Аскер академиясын (1949), Аскер-аба академиясын (1951), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын штабдык окутуу курсун (1965) бүткөн. 1952-59-ж. Каирдеги Аскераба академиясында окутуучу болуп иштеген. 1959-ж. Кыргызстанга келип, Токмок ш-ндагы учкуч аскердик окуу жайында стажировкада болгон. 1960-65-ж. авиациялык полктун, 1965-69-ж. авиабазанын командачысы, 1969-72-ж. Египет ААКтын штабынын начальниги, 1973-75-ж. авиациянын башкы маршалы, 1975-81-ж. Египеттин вице-президенти, 1981-ж. Египеттин президенттигине шайланган. Улуттук-демокр. партиянын вице-төрагасы (1978). Улуттук-демокр. партиянын генералдык секретары (1981-82), 1982-жылдан төрагасы. 1991-ж. Перс булуңундагы согушта АКШны колдоп, Иракка каршы 40 миң кишиден турган аскер контингентин жиберген, бирок 2003-ж. аскер жиберүүдөн баш тарткан. М-тын мезгилинде инфраструктура өнүктүрүлө баштаган. 1987-ж. Африка аймагы боюнча биринчи метро Каирде ачылган. 0. эле М. коррупция жана жумушсуздук менен күрөшүп, Египеттин экономикасын жогорулатуу үчүн аракеттерди жасаган. 2011-ж. элдик көтөрүлүштүн негизинде бийликтен кеткен.