МУБАРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУБАРАК Хосни Сейид [4. 5. 1928-жылы туулган, Ми­нуфия губерниясы, Шибин ал-Кум округу (мар­казы), Кафр аль-Мусайлаха кыш.] - аскер жана саясий ишмер, армиянын генерал-лейтенанты (1974).

Египеттин 4-президенти (1981-2011). 1949-ж. Каир­деги Аскер академиясын (1949), Аскер-аба академия­сын (1951), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын штабдык окутуу курсун (1965) бүткөн. 1952-59-ж. Каирдеги Аскер­аба академиясында окутуучу болуп иштеген. 1959-ж. Кыргызстанга келип, Токмок ш-ндагы уч­куч аскердик окуу жайында стажировкада болгон. 1960-65-ж. авиациялык полктун, 1965-69-ж. авиабазанын командачысы, 1969-72-ж. Египет ААКтын штабынын начальниги, 1973-75-ж. авиациянын башкы маршалы, 1975-81-ж. Еги­петтин вице-президенти, 1981-ж. Египеттин пре­зиденттигине шайланган. Улуттук-демокр. пар­тиянын вице-төрагасы (1978). Улуттук-демокр. партиянын генералдык секретары (1981-82), 1982-жылдан төрагасы. 1991-ж. Перс булуңун­дагы согушта АКШны колдоп, Иракка каршы 40 миң кишиден турган аскер контингентин жи­берген, бирок 2003-ж. аскер жиберүүдөн баш тарткан. М-тын мезгилинде инфраструктура өнүктүрүлө баштаган. 1987-ж. Африка аймагы боюнча биринчи метро Каирде ачылган. 0. эле М. коррупция жана жумушсуздук менен күрөшүп, Еги­петтин экономикасын жогорулатуу үчүн аракет­терди жасаган. 2011-ж. элдик көтөрүлүштүн не­гизинде бийликтен кеткен.