МУЗЫКАЛЫК УГУМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУЗЫКАЛЫК УГУМ - музыкалык добуштардын ,ай­рым дабыштарын кабылдоо, алардын ортосун­дагы функциялык байланыштарды туюу жөн­дөмү. М. у-дун төмөнкүдөй түрлөрү бар: абсолюттук - музыкалык добуштардын (до, ре, ми ж. б.) абсолюттук бийик­тигин аныктай алуу; салыштырмалуу - добуш­тардын, интервалдардын ортосундагы добуш­тук-бийиктик катнаштарды аныктоо; ички - айрым добуштарды жана бүтүндөй музыкалык пьесаны көңүлдө элестетүү жөндөмү. М. у. музыкалык билим алуу процессинде, тактап айтканда, солъфеджио­ну үйрөнүү менен өнүктүрүлөт.