МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (Lera «МАЛДЫБАЕВА» барагын «МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна» деп кайра атады) |

| (5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе) - кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), | МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе - 9. 2. 2022, Бишкек) - кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), [[СССР]] Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти (1962) жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан соң Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан 2010-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) иштеген. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончу, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» (1975) балеттик сюитасында таасын көрүнөт. | ||

[[File:МАЛДЫБАЕВА_1.jpg|thumb]]

[[File:МАЛДЫБАЕВА_1.jpg|thumb|left|МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна ]]

«Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» жана башка лирикалык, патриоттук ырлары, камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оймолуу жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы жана башка чыгармалары бар. Даңк медалы менен сыйланган.

[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 04:25 учурдагы соңку нуска
МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе - 9. 2. 2022, Бишкек) - кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), СССР Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти (1962) жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан соң Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан 2010-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) иштеген. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончу, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» (1975) балеттик сюитасында таасын көрүнөт.