МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе - 9. 2. 2022, Бишкек) - кыргыз кыздарынан чык­кан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), СССР Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти (1962) жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жа­йын (1966) бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жыл­дан соң Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан 2010-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык ин­ститутунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) иштеген. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончу, компо­зиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыг­армачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арнал­ган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» (1975) балеттик сюитасында таасын көрүнөт.

МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна

«Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» жана башка лирикалык, патриоттук ыр­лары, камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү со­натасы, токкатасы, он миниатюрасы жана вио­лончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармала­ры белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильми­не, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оймолуу жомок» да­ректүү жана балдар фильмдерине да музыка жаз­ган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартуулан­ган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жый­нактары, камералык оркестр үчүн сюитасы жана башка чыгармалары бар. Даңк медалы менен сыйланган.