МАССАЛЫК ТАРТИПСИЗДИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by one other user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска

МАССАЛЫК ТАРТИПСИЗДИК - коомдук кооп­суздукка каршы багытталган кылмыш тобу. М. т. коомдук тартипке гана зыян келтирбес­тен, инсандардын, мамлекеттин кызыкчылык­тарына да каршы багытталат. Объективдүү жа­гынан М. т-ти уюштуруу, М. т-ке катышуу, М. т-ке чакырык жасоо ж. б. түрлөрү бар. М. т. зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кы- ЛУУ, куралдарды жана жардыруучу заттарды кол­донуу, бийлик өкүлүнө каршы куралдуу кар­шылыкты көрсөтүү ж. б. ыкмалар менен кошто­лот. М. т. учурунда бөлөк кылмыштарды жа­соо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайларга кирет. Субъективдүү жагынан М. т. атайылап, тикелей же кыйыр ниетте жасалган кылмыш­тарга кирет. Акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам анын субъектиси болуп саналат.

К. Бодобаев.