МАССАЛЫК ТАРТИПСИЗДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАССАЛЫК ТАРТИПСИЗДИК - коомдук коопсуздукка каршы багытталган кылмыш тобу. М. т. коомдук тартипке гана зыян келтирбестен, инсандардын, мамлекеттин кызыкчылыктарына да каршы багытталат. Объективдүү жагынан М. т-ти уюштуруу, М. т-ке катышуу, М. т-ке чакырык жасоо ж. б. түрлөрү бар. М. т. зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кы- ЛУУ, куралдарды жана жардыруучу заттарды колдонуу, бийлик өкүлүнө каршы куралдуу каршылыкты көрсөтүү ж. б. ыкмалар менен коштолот. М. т. учурунда бөлөк кылмыштарды жасоо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайларга кирет. Субъективдүү жагынан М. т. атайылап, тикелей же кыйыр ниетте жасалган кылмыштарга кирет. Акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам анын субъектиси болуп саналат.
К. Бодобаев.