ЛЕОНИДЗЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕОНИДЗЕ Георгий Николаевич [15(27). 12. 1899, азыркы Сагареджо р-ну, Патардзеули кыш. - 9. 8. 1966, Тбилиси] - грузин акыны, Грузия эл акыны (1959), Грузин ССР ИАнын академиги (1944). 1913-жылдан Тбилиси семинариясында окуган. 1957-66-ж. Грузия ИАнын Ш. Руставе­ли атындагы Грузин адабияты институтунун директору бол­гон. Чыгармалары 1911-жылдан жарыялана баштаган. Адегенде «Көгүлтүр мүйүздөр» аттуу символисттер тобуна кирген. Кийинчерээк ан­дан кетип, 1924-25-ж. «Кыпчак жолугушуу­су», «Ниноцминд түнү», «Цесарка» сыяктуумаа­нилүү лирикалык ырларды жараткан. «Загес­теги түн», «Иори жээгинде» ж. б. чыгармала­рында социалдык чындык чагылдырылган. И. В. Сталин жөнүндөгү «Бала чак жана өспүрүм кез» (1939) поэмасы 1941-ж. СССР мамлекеттик сыйл. татыктуу болгон. «Сыйкырдуу дарак» (1962) аң­гемелер жыйнагын чыгарган. Эки Ленин, Эм­гек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сый­ланган.