ЛЕОНИДЗЕ
ЛЕОНИДЗЕ Георгий Николаевич [15(27). 12. 1899, азыркы Сагареджо р-ну, Патардзеули кыш. - 9. 8. 1966, Тбилиси] - грузин акыны, Грузия эл акыны (1959), Грузин ССР ИАнын академиги (1944). 1913-жылдан Тбилиси семинариясында окуган. 1957-66-ж. Грузия ИАнын Ш. Руставели атындагы Грузин адабияты институтунун директору болгон. Чыгармалары 1911-жылдан жарыялана баштаган. Адегенде «Көгүлтүр мүйүздөр» аттуу символисттер тобуна кирген. Кийинчерээк андан кетип, 1924-25-ж. «Кыпчак жолугушуусу», «Ниноцминд түнү», «Цесарка» сыяктуумаанилүү лирикалык ырларды жараткан. «Загестеги түн», «Иори жээгинде» ж. б. чыгармаларында социалдык чындык чагылдырылган. И. В. Сталин жөнүндөгү «Бала чак жана өспүрүм кез» (1939) поэмасы 1941-ж. СССР мамлекеттик сыйл. татыктуу болгон. «Сыйкырдуу дарак» (1962) аңгемелер жыйнагын чыгарган. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.