ЛАБИРИНТИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАБИРИНТИТ ички кулактын сезгенүүсү. Ички кулакка микробдор ж-а алардын уу затта­рынын, о. эле ортонку кулактын же баш сөөк­түн инфекциялары, мех., хим., термиялык травмалар себеп болушу мүмкүн. Л. катуу кар­маган ж-а өнөкөт, чектелген ж-а жайылган, ириңдүү ж-а ириңсиз болуп бөлүнөт. Мында баш айланат, кусат, дененин тең салмактуулугу өз­гөрөт, кулак чуулдап, начар угат, кээде дүлөй болуп калышы дамүмкүн. Дарылоодо анти-био­тиктер колдонулат, ортонку кулактагы ириң хирург. жол м-н тазаланат. Алдын алуу үчүн өнөкөт ж-а катуу кармаган отитти кабылдат­пай, өз убагында врачка кайрылып, дарылоо зарыл.