ЛАБИРИНТИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАБИРИНТИТ ички кулактын сезгенүүсү. Ички кулакка микробдор ж-а алардын уу заттарынын, о. эле ортонку кулактын же баш сөөктүн инфекциялары, мех., хим., термиялык травмалар себеп болушу мүмкүн. Л. катуу кармаган ж-а өнөкөт, чектелген ж-а жайылган, ириңдүү ж-а ириңсиз болуп бөлүнөт. Мында баш айланат, кусат, дененин тең салмактуулугу өзгөрөт, кулак чуулдап, начар угат, кээде дүлөй болуп калышы дамүмкүн. Дарылоодо анти-биотиктер колдонулат, ортонку кулактагы ириң хирург. жол м-н тазаланат. Алдын алуу үчүн өнөкөт ж-а катуу кармаган отитти кабылдатпай, өз убагында врачка кайрылып, дарылоо зарыл.