АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kerimova-59
No edit summary
No edit summary
 
(11 intermediate revisions by 7 users not shown)
1 сап: 1 сап:
, Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жал ал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганстан, Герат ш. – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жал ал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кади ж-a имам кызматында турган. A. а.-Р. С. атасынын жолун улап, тимуриддердин кызматына өткөн, 1442-ж. Шахрухтун Гераттан чыккан элчилери м-н бирге Түш. Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-ж. Ирандын түн. провинциясы Гиланга элчилик тапшырма м-н барган. 1463-ж. Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир ж-a меценат Мир Алишер ''Навоинин'' колдоосуна ээ болгон. Самарканди «М а т л а ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген фарси тилиндеги тарыхый эмгекти жазган. Чыгармада Абу Саид Хулагуинун ж-a Абу Саид Тимуриддин мезгилдериндеги окуяларды, б. а. 170 жылдык тарыхты камтыган. Анын биринчи ж-a экинчи бөлүгүндөгү 1426–27-ж. чейинки окуяларды баяндоодо Хафиз-и Абрунун эмгегиндеги кабарларды кыскартып берген. «Матла ас-са дайнда» акыркы 45 жылдагы окуя, тактап айтканда Хафиз-и Абру жазган 1426–27-жылдардан кийинки окуяларга автордун өзү күбө болгондугу ж-a катышкандыгы м-н баалуу. О. Азиянын, Ирандын ж-a Афганистандын Тимур ж-a анын урпактарынын учурундагы тарыхын окуп үйрөнүүдө ж-a изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан. Тимур ж-a тимуриддердин Моголстанга жасаган жортуулдарын баяндоодо А. а-Р. С. чыгармаларында Теңир-Тоодогу кыргыздар тууралуу эскерет. Анда 14–15-к-дын аралыгында Тимурдун небереси Моголстанга жасаган чабуулунда «алмалыктык, хотандык бир канча сулууларын, кыргыздын ж-а бешбалыктык чүрөктөрдү» чоң атасына тартууга жөнөткөнү айтылат. Искендердин чыгышка жасаган жортуулдары Теңир-Тоодон ж-а Чыгыш Түркстандан ашкан эмес. Анын кошуундары Беш-Балык ш-на кол салганда шаардын айланасындагы «кыргыз чүрөктөрүн» туткундаган. Эмгектеги мындай маалыматтар кыргыздардын 14-к-дын аягы 15к-дын баш чендеринде Теңир-Тоо этектери ж-а анын түн. тарабындагы аймактарда байырлаганын ырастайт. ''Т. Асанов.''<br>
'''АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ,''' Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, [[Афганистан]], Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак [[Самарканд]] шаарынан болуп, ал [[Тимур]]дун тукуму [[Шахрух]]тун (1405–1447) ордосунда кызмат кылган. Aбд ар-Раззак Самарканди атасынын жолун улап, Шахрух жана Абу-Саид султандын (1451–1469) кол алдында иштеген. 1442-жылы Шахрухтун элчилери <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Түштүк [[Индия]]га жөнөтүлгөн. 1446–1447-жылдары [[Иран]]дын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> барган. 1463-жылы Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир жанa меценат Мир Алишер [[Навои]]нин колдоосуна ээ болгон. Самарканди 1467–1471-жылдары фарси (перс) тилинде «Матла ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген тарыхый эмгегин жазган. Чыгарма моңгол-татарлардын басып алышынан башталып, 1304-жылы Тимур жана анын тукумдарынын 1471-жылга чейинки тарыхын камтыйт. Ушул мезгилдерге тиешелүү [[Орто Азия]], Иран жанa Афганистандын тарыхын окуп үйрөнүп, изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан болуп эсептелет. Чыгармада [[Моголстан]]га жасаган Тимур жанa тимуриддердин жортуулдарына байланыштуу кыргыздар тууралуу эскерүүлөр кезигет. 1969-жылы бул эмгекти А. Урунбаев [[өзбек тили]]не которгон.
 
Ад.: Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды, Т. II. /Извлечения из персидских сочинений, собранные В. Г. Тизенгаузеном. М.-Л., 1941; Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии //Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. М., 2002.
 
''Т. Асанов.''
                                                                                                                                          <br>
[[Категория:1-Том]]

08:50, 10 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ, Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканд шаарынан болуп, ал Тимурдун тукуму Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кызмат кылган. Aбд ар-Раззак Самарканди атасынын жолун улап, Шахрух жана Абу-Саид султандын (1451–1469) кол алдында иштеген. 1442-жылы Шахрухтун элчилери менен Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446–1447-жылдары Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463-жылы Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир жанa меценат Мир Алишер Навоинин колдоосуна ээ болгон. Самарканди 1467–1471-жылдары фарси (перс) тилинде «Матла ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген тарыхый эмгегин жазган. Чыгарма моңгол-татарлардын басып алышынан башталып, 1304-жылы Тимур жана анын тукумдарынын 1471-жылга чейинки тарыхын камтыйт. Ушул мезгилдерге тиешелүү Орто Азия, Иран жанa Афганистандын тарыхын окуп үйрөнүп, изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан болуп эсептелет. Чыгармада Моголстанга жасаган Тимур жанa тимуриддердин жортуулдарына байланыштуу кыргыздар тууралуу эскерүүлөр кезигет. 1969-жылы бул эмгекти А. Урунбаев өзбек тилине которгон.

Ад.: Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды, Т. II. /Извлечения из персидских сочинений, собранные В. Г. Тизенгаузеном. М.-Л., 1941; Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии //Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. М., 2002.

Т. Асанов.