ИНДИЯ
И́НДИЯ (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат.
Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралдары кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1,45 млрд (2024); элинин саны боюнча дүйнөдө 1-орунда. Борбору – Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили – хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги – Индия рупийи. Администрациялык-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт;
Таблицаны кара.
Индия Бириккен улуттар уюмунун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Индия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алынып, 1950-жылы күчүнө кирген. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын мыйзам чыгаруу органы – парламент (2 палатадан турат: Штаттар совети – Раджья Сабха (250 орун) жана Элдик палата – Лок Сабха (545 орун). Аткаруу бийлиги президент тарабынан дайындалган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.
Негизги саясий партиялары: Индия Улуттук конгресси (1885-жылы уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) ж.б.
Табияты. Индия Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чыгышты карай), Гималай менен Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы жана Араб деңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү – Мала-
бар жээги, чыгыш жээгинин түштүк бөлүгү – Коромандель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгү – түздүктөр жана бөксө тоолор. Индстанды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгышты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Таблица
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал батышында жана чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат жана Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Индстандын түштүгүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабында, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жайгашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система – Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 мге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрүлөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.
Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Инди платформасы ээлеп, ал Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүн камтыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гималайдын бир бөлүгү (Симла, Жамму, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарда), хромит (Орисса), темир (Бабабудан, Байладила ж. б. кендер), алтын (Карнатака ж. б.), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мадхья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мадхья-Прадеш), нефть жана газ (Камбей, Ассам нефть-газ бассейндери, Бенгал шельфи), көмүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар ж. б. Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезгилинде жаан-чачындын 70–90%и жаайт, кышы кургак жана салкын, марттан майдын аягына чейин кургак жана ысык мезгил. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө
300–400 мм, Чыгыш Гималай тоолорунда жана Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна менен кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (төмөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайдаланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун жана Инд-Ганг түздүгүнүн табигый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксерофиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбырагы күбүлмө токой, түндүк-батышына бадалдуу жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг менен Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гималайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин тераилер (саздуу жунгли), жогорураак муссон токою, аралаш жана ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа жана талаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.
Индияда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянтынын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви жана Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири жана Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас резерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү жана жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду иш-
ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.
Калкы. Индия – көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде жана диалекте сүйлөгөн 500дөй улут жана уруу бар. Алардын 9/10унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирликтер ж. б. 1901–2001-жылдарда Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын санынын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жогору болушу (1901-жылы 1000 адамга 45,8 бала, 1951-жылы 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрөлүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп менен өсүүдө. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүм житим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп менен 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагын-
дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш жана андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендердин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калгандары христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иудаизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө жана деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) жана чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы менен 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Калькутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.
Тарыхы. Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер биздин заманга чейин 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2-миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (биздин заманга чейин 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм менен жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16-кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост-Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу менен каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна жана англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу жана коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия менен Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна жана Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар менен мусулмандардын кагылышуусу менен коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру Индиянын премьерминистри болот. 1949-жылы 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, Индия республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-жылы 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импорттоого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук жана космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космодромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. Ганди шайланат.
Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш жана Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө.
1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.
Чарбасы. Индия – өнөр жай, соодасы жана товардык акча мамилеси өнүккөн агрардык-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы жана эмгектин жогорку маданияты менен өзгөчөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иштейт. Өлкө азык-түлүк менен өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын жана балыкчылыктын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш менен кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол менен 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясынын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактарына туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия, нефть-химия жана фармацевтика, кара жана түстүү металлургия, текстиль жана тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасынын 54%ин көмүр, 32%ин нефть жана нефть продуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энергиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин жана Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырттан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2 ине жакынын канааттандырат; газ кендери Араб деңизинин жана Бенгал булуңунун жээктеринде жана Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, анын ичинде ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (негизинен шамал) электр станцияларына таан-
дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) жана марганец (1750 миң т) рудаларынын негизинде иштейт. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гужарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продукциясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түрдүү тармактары үчүн машиналардын жана жабдуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын негизги продукциялары: буу казаны, буу, газ жана гидравликалык турбиналар, буу жана дизель генераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт электр курулмасы, шамал энергетикалык курулмасы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, компрессор, трасформатор ж. б. Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы – станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автоматтык линия жана өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транспорттук машина куруунун ири жана тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль өнөр жайынын ишканалары негизинен ички рыноктун муктаждыктарын канааттандырууга багытталып, автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарат. Үч (моторикша, жүк ташуучу мини-машина) жана эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражаттарын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ менен Кытайдан кийинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди жана агрегаттарды, электровоздорду жана пассажир ташуучу электр поезддерин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жайы – машина куруунун эң татаал жана илим сыйымдуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакыймылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космодрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат-
тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук машина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири деңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме даярдалат. Мамлекеттик ири верфтери – Кочин, Вишакхапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарларында жайгашып, аларда бүт кеме түрлөрү, анын ичинде аскер кемелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жабдылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигменттер жана боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер жана пластик буюмдар, жасалма жана синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пиротехникалык буюмдар ж. б. чыгарылат. Нефть-химия өнөр жайы пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (анын ичинде шина), лак боёк продукцияларын ж. б. чыгаруучу ишканалардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005–06-жылдарда 35 млн т) чыгарылат. Индиянын фармацевтика өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү (дүйнөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибиотиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миңдей аталышын чыгарат. Индиянын дары-дармектери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуулугу ж-а арзандыгы м-н бааланат. Алмазга кыр чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – Индиянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик борборлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме жана даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын наркынын 1/5и). Индия кебез кездеме чыгаруу (2005–06-жылдарда 50 млрд м2) жана андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль жана тигүү өнөр жайы ИДПнин 8%ин жана өлкөнүн товардык экспорт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жибек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вискоза, нейлон, акрил ж. б.) пайдаланылат. Индия жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытайдан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тармагы – кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча жана жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азык-түлүк, чала фабрикат, таза суу өндүрүштөрү.
Индиянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо нефтини казып алуу жана кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын жана болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сектор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетикасында, темир жол, авиация жана деңиз транспортторунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сектор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбасында, жеңил, тамак-аш, медицина өнөр жайларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу.
ИДПде айыл чарбасынын жана ага байланыштуу тармактардын үлүшү зор (1/3и). Айыл чарбасында өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/3ге жакыны иштейт. Индия көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12–15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлүгүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жогорку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун жана айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун натыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды.
Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүмдүктөр. Индия – байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) боюнча дүйнөдө 1-орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктардан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дыйканчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг
түздүгүндө жана Годавари, Кришна, Кавери дарыяларынын дельталарында жана өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбасынын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/3ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45–50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону болот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы – сентябрь–ноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйналат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрь-ноябрь – март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/4инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07-жылдарда 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/8 и; 70 млн т жыйналат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т), таруу (жовар, бажра, раги ж. б., көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички аймактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур ж. б.) жана май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал камыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бразилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Индияда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Индияда) жана чай (Брахмапутранын өрөөнүндөгү жана Чыгыш Гималайдын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (2/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймактары Батыш Индиядагы Декан траппы жана Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жыйналган) өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундар-
да. Түштүк Индияда чай, кофе, каучук, кокос пальмасы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон ж. б.) өстүрүлөт. 2000-жылы 240 млнго жакын бодо мал (анын ичинде 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1-орунда; негизинен унаа катары пайдаланылат), 123 млн эчки жана 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/5и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун өлчөмү боюнча (6,6 млн т, анын ичинде деңиз балыктары 3,8 млн т) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, устрица ж. б. кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маалымат технологиясы, каржылоо, соода, транспорт, байланыш жана телекоммуникация жана туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалымат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006–07). Бул сектордун башкы сегменти – программалык камсыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багытталган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик жана мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бөлүмдөрүнүн, аманаттарынын жана кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит менен камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнүгүүдө; 2005–06-жылдарда Индияга 3,5 млндон ашык турист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Германиядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризмдин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, маданий-таанып билүү (туристтер көп келген шаарлары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климаттык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Гималайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гималайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборлору; суу спортунун түрлөрү, анын ичинде Гоадагы дейвинг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына баруу) ж. б. Автомобиль жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2- (АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, Индиянын транспорттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3320 миң км (2007), анын ичинде шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ыл-
дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл ж. б. жолдору 2650 миң км. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирилген. Индия темир жол аркылуу Пакистан, Бангладеш, Непал менен да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2-орунда). 12 ири, 180 орто жана чакан деңиз порту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялардын жана каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Расмий эл аралык жана 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэропорттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 6500 км, нефть продуктусун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор шаарларында метрополитен иштейт.
Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тейлөө кызматын экспорттоодон түшкөн жана чет өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген кирешенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукциясы, химия жана фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары жана текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар жана минералдар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорттук товарлары: отун (нефть, жана нефть продукциясы, көмүр), машина жана жабдуулар, компьютер техникасы ж. б. электроника продукциялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар жана куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар жана бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы ж. б. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гонконг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея.
Маданияты. Индиянын билим берүү мекемелерине билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук саясат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Индиянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык билимге даярдоо, жогорку окуу жайлары билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн билим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарларда бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектептер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ды, баштапкы – 90%ды, орто – 54%ды түзөт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004).
Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ийгиликтерге жетишти. 1950-жылы 25 университет, 700 коллеж болсо, 2006-жылы 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. Жогорку окуу жайларда 4 млндон ашуун адам билим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ды түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство музейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башка университеттери, ири жогорку окуу жайлары: Индия айыл чарба изилдөө институту (1905), долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технология институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджарати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдаршан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки III кылымда эле Инд өрөөнүндө сугат каналдары, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан салынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган булактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо темир колдонулганы, металл иштетүү, оорулардын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар.
Инди маданияты Маурьялар династиясы бийлеген мезгилден (биздин заманга чейинки IV–II кылым) биздин замандын VIII кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, медицина, математика, астрономия жана башка тармактар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоздору киргизген. Физика менен химия боёк, дары-дармек даярдоодо жана башкаларда колдонулган. Медицинада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556–1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башка шаарларда обсерваториялар салынган. XVIII кылымдын орто ченинен өлкөнү европалыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башка англис илимпоздору да көп эмгек сиңирген. XIX кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илимпоздор – математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис А. Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. XX кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баштоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик Х. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды киргизишкен.
Индиянын философия, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки XV–X кылымдардан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адамзаттын эң байыркы маданиятынын мезгилинде пайда болгон. 3000 жыл илгери Ведалар – байыркы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпостору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки IV–III кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Cанскрит тилинде «Панчатантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Тируваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр китеби – байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чыгармасы. Анда даанышман башкаруучунун образы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын таралышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253–1325; Мирза Бедил, 1644– 1721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. XIX–XX кылымдарда адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү чагылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жазуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бенгал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Нобель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдеги адабият менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн.
Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки IV–II кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу сарай имараттары салынган. XIII кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн.
Мусулман мечиттери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салынган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (XVI–XVII кылымдар) Агар, Дели шаарларынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мармар күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (XVIII кылым–1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги имараттар пайда болгон. Орто кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. XIX–XX кылымдардын чегинде башында А. Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз салышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.
Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кайсы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма болбосун ыргактуу салттык үн айкалыш – раганын негизинде импровизацияланат. Улуттук негизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 1950-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык радионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн.
Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Рамаяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана туюндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. XX кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-жылы Индия искусство борбору негизделген.
Индия көркөм тасмаларды тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тасма тартуу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Капурдун «Селсаяк» тасмасында элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Каннадагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносунун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), А. Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жамгыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд кино индустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Ад.: Рябчиков А. М. Природа Индии. М., 1950; Антонова К. А., Бонгард-Левин Г. М., Котовский Г. Г. История Индии. М., 1979; Сингх Г. География Индии. М., 1980; Экономика Индии: отраслевой анализ. М., 1980; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Гусева Н. Р. Многоликая Индия. М., 1987; Бонград-Левин Г. М. Древнеиндийская цивилизация. М., 1993; Индия сегодня. Справочно-аналитическое издание. М., 2005; Маляров О. В. Внешняя торговля Индии. М., 2006; Индия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008; Миллер М. Шесть систем индийской философии. М., 1900; Краткая история литератур Индии. М., 1974; Короцкая А. А. Сокровища индийского искусства. М. 1966; Ольденбург С. Ф. Культура Индии. 2-е изд. М., 2004; Деева Б. Ч. Индийская музыка. М., 1980; Драматургия и театр Индии. М., 1961; Кино Индии / Под ред. М. Л. Салганин. М., 1987; Индия сегодня. М., 2005.
Б. Мудаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.