КОРДИЛЬЕРА ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ</b> (исп. Cordilleras – тиз­мек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. | <b type='title'>КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ</b> (исп. Cordilleras – тиз­мек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. Түндүк ж-а Түштүк Американын батыш четтери м-н 66° түндүк кеңдиктен (Аляскадан) 56° түштүк кеңдик­ке (Оттуу Жер аралына чейин) узата созулуп жатат. Узундугу 18 миң <i>км</i>ден ашык, туурасы Түндүк Америка­да 1600 <i>км</i>ге, Түштүк Америкада 900 <i>км</i>ге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борбордук Америкада­гы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын ж-а Чилинин ай­магында жайгашкан. Тынч | ||
экиге бөлүнөт – <i>Түндүк Америка Кордильерасы</i> | ж-а Атлантика оке­андарынын алаптарынын суу бөлгүчү, ошондой эле климаттык чек болуп саналат. Бийиктиги боюнча Ги­малайдан ж-а Борбордук Азиядагы тоо системала­рынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түндүк Америкада Мак-Кинли (6193 <i>м</i>), Түштүк Амер­када Аконкагуа (6960 <i>м</i>). Кордильеранын бүт системасы экиге бөлүнөт – <i>Түндүк Америка Кордильерасы</i> ж-а <i>Түштүк Америка Кордильерасы</i> же <i>Анд тоо­лору.</i> Тоо пайда болуу процесстери Түндүк Амери­када юра мезгилинде, Түштүк Америкада бор мез­гилинин аягында башталган ж-а башка мате­риктердеги тоо пайда болуу процесстери м-н тыгыз байланышта болгон (мисалы, <i>Альп бүк­төлүүсүнө</i>). | ||
ж-а <i>Түштүк Америка Кордильерасы</i> же <i>Анд тоо­лору.</i> Тоо пайда болуу процесстери | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
09:29, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ (исп. Cordilleras – тизмек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. Түндүк ж-а Түштүк Американын батыш четтери м-н 66° түндүк кеңдиктен (Аляскадан) 56° түштүк кеңдикке (Оттуу Жер аралына чейин) узата созулуп жатат. Узундугу 18 миң кмден ашык, туурасы Түндүк Америкада 1600 кмге, Түштүк Америкада 900 кмге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борбордук Америкадагы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын ж-а Чилинин аймагында жайгашкан. Тынч
ж-а Атлантика океандарынын алаптарынын суу бөлгүчү, ошондой эле климаттык чек болуп саналат. Бийиктиги боюнча Гималайдан ж-а Борбордук Азиядагы тоо системаларынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түндүк Америкада Мак-Кинли (6193 м), Түштүк Амеркада Аконкагуа (6960 м). Кордильеранын бүт системасы экиге бөлүнөт – Түндүк Америка Кордильерасы ж-а Түштүк Америка Кордильерасы же Анд тоолору. Тоо пайда болуу процесстери Түндүк Америкада юра мезгилинде, Түштүк Америкада бор мезгилинин аягында башталган ж-а башка материктердеги тоо пайда болуу процесстери м-н тыгыз байланышта болгон (мисалы, Альп бүктөлүүсүнө).