КОРГОН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ</b> Жалал-Абад | <b type='title'>КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ</b> Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда. Талас шаарынан 45 <i>км</i> түштүк тарапта, Талас Ала-Тоосунун түштүк капта­лында, Узун-Акмат суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2400–2700 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казма­лардын орду кезигет. Кендин геологиялык маалымат­тары 1936-жылы белгилүү болуп, 1954–55-жылдарда чал­гындалган. Айланасында (3–5 <i>км</i> аралыкта) геологиялык түзүлүшү бирдей Чат-Карагай, Кеншанык, Кең-Төр, Коргоншанык кендери жайгашкан. Анын аймагын кембрийге чейинки ж-а алгач­кы палеозойдогу жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан кычкыл ж-а негиздүү интрузия­лар түзөт. Жанартоо чөкмөлөрү бүктөлүүгө учу­рап, түндүк-батышка багытталган антиклиналдык томпок түзүлүштү пайда кылат. Кенде 28 кен­таш тулкусу табылган. Алар антиклиналдын ийилген жерине топтолуп, узундугу 1360 <i>м</i> ири кен­таш аймагына айланган. Айрым кенташ тул­кусу бири-биринен 10–100 <i>м</i>ге чейинки аралык­та жатат. Калыңдыгы 5–75 <i>м</i>, узундугу 6–200 <i>м</i>. Ку­рамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит-сфале­рит, пирротин-арсенопирит, карбонат-полиме­талл сыяктуу 5 топко бөлүнөт. Кенташта корго­шун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, ин­дий, галлий ж-а сейрек учуроочу элементтер бар. Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен 1951–54-жылдарда «Свинецразведка» трестинин Коргон руд­ниги тарабынан жер астынан казып алынган. Кирешелүү болбогондон кийин токтотулган. | ||
элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казма­лардын орду кезигет. Кендин | |||
Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
07:31, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда. Талас шаарынан 45 км түштүк тарапта, Талас Ала-Тоосунун түштүк капталында, Узун-Акмат суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2400–2700 м бийикте жайгашкан. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казмалардын орду кезигет. Кендин геологиялык маалыматтары 1936-жылы белгилүү болуп, 1954–55-жылдарда чалгындалган. Айланасында (3–5 км аралыкта) геологиялык түзүлүшү бирдей Чат-Карагай, Кеншанык, Кең-Төр, Коргоншанык кендери жайгашкан. Анын аймагын кембрийге чейинки ж-а алгачкы палеозойдогу жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан кычкыл ж-а негиздүү интрузиялар түзөт. Жанартоо чөкмөлөрү бүктөлүүгө учурап, түндүк-батышка багытталган антиклиналдык томпок түзүлүштү пайда кылат. Кенде 28 кенташ тулкусу табылган. Алар антиклиналдын ийилген жерине топтолуп, узундугу 1360 м ири кенташ аймагына айланган. Айрым кенташ тулкусу бири-биринен 10–100 мге чейинки аралыкта жатат. Калыңдыгы 5–75 м, узундугу 6–200 м. Курамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит-сфалерит, пирротин-арсенопирит, карбонат-полиметалл сыяктуу 5 топко бөлүнөт. Кенташта коргошун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, индий, галлий ж-а сейрек учуроочу элементтер бар. Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен 1951–54-жылдарда «Свинецразведка» трестинин Коргон рудниги тарабынан жер астынан казып алынган. Кирешелүү болбогондон кийин токтотулган.