КОНФУЦИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНФУ́ЦИЙ</b> (Кун-цзы же Кун Фу-цзы – устат Кун) (б. з. ч. 551, Лу падышалыгы Цзоу (азыр Шаньдун провинциясы, Цюйфу | <b type='title'>КОНФУ́ЦИЙ</b> (Кун-цзы же Кун Фу-цзы – устат Кун) (б. з. ч. 551, Лу падышалыгы Цзоу (азыр Шаньдун провинциясы, Цюйфу шаары ) – 479, ошол эле жер] – байыркы кытайдын улуу ойчулу, <i>конфуцийчиликти</i> | ||
[[File:КОНФУЦИЙ21.png | thumb | Конфуций шакирти Ци Лю менен саякатта (кытай гравюрасы, XVI к.). | [[File:КОНФУЦИЙ21.png | thumb | Конфуций шакирти Ци Лю менен саякатта (кытай гравюрасы, XVI к.). | ||
]]негиздөөчү. | ]]негиздөөчү. Конфуцийдин саясий ж-а этикалык көз караштары б. з. ч. 6-кылымда жаралган, кийин анын шакирттери тарабынан түзүлгөн «Лунь юй» («Аңгемелер ж-а ой жүгүртүүлөр») китебинде баяндалган. 22 жашынан тартып окута баштап, Кытайдын эң атактуу окутуучусу катары даңкталган. 50 жашынан саясий ишмердүүлүккө өтүп, Лу падышанын мамлеке­тинде жогорку мансаптуу төрөлөрдөн болуп калган. Конфуцийдин этикалык-саясий окуусунун борборундагы башкы маселе – мамлекетти башкаруу. Адамдардын коомдогу ж-а үй-бүлөдөгү өз ара мамилелеринин эң жогорку мыйзамы ж э н ь (гумандуулук) түшүнүгү. Буга улуулар­ды урматтоо, ата-энени сыйлоо, падышага берилгендик, сылыктык ж. б. ыймандык (морал­дык) нормалар кирген. Конфуцийдин ырастоосунда жэн-ге ак сөөктөр (цзюнь) гана жетишип, букаралар (сяо жэнь) жетише алышпайт. Анын окуусу боюнча падышалык Асмандын (кудайдын) ыйык буйругу м-н тартууланган бийлик, ошон­дуктан башкаруучу «Асмандын уулу» (тяньц-зы) деп жарыялаган. Конфуцийдин идеясы – конфуцийчиликтин диний-этикалык окуусунун негизи болуп калды. Б. з. ч. 2-кылымдан тартып 1911-13-жылдардагы Синхай революциясына чейин конфуцийчилик Кытайдын расмий мамлекеттик идеологиясы болуп келген. Кыргызстанда 2008-жылдан К. Кара­саев атындагы БГУда Конфуций атындагы институт иштейт. | ||
13- | |||
Ад.: <i>Сигэки Кандзука.</i> Конфуций. Первый учитель Поднебесной. М., 2003; <i>Малявин В. В.</i> Конфуций. М., 2007. | Ад.: <i>Сигэки Кандзука.</i> Конфуций. Первый учитель Поднебесной. М., 2003; <i>Малявин В. В.</i> Конфуций. М., 2007. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
10:06, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНФУ́ЦИЙ (Кун-цзы же Кун Фу-цзы – устат Кун) (б. з. ч. 551, Лу падышалыгы Цзоу (азыр Шаньдун провинциясы, Цюйфу шаары ) – 479, ошол эле жер] – байыркы кытайдын улуу ойчулу, конфуцийчиликти

негиздөөчү. Конфуцийдин саясий ж-а этикалык көз караштары б. з. ч. 6-кылымда жаралган, кийин анын шакирттери тарабынан түзүлгөн «Лунь юй» («Аңгемелер ж-а ой жүгүртүүлөр») китебинде баяндалган. 22 жашынан тартып окута баштап, Кытайдын эң атактуу окутуучусу катары даңкталган. 50 жашынан саясий ишмердүүлүккө өтүп, Лу падышанын мамлекетинде жогорку мансаптуу төрөлөрдөн болуп калган. Конфуцийдин этикалык-саясий окуусунун борборундагы башкы маселе – мамлекетти башкаруу. Адамдардын коомдогу ж-а үй-бүлөдөгү өз ара мамилелеринин эң жогорку мыйзамы ж э н ь (гумандуулук) түшүнүгү. Буга улууларды урматтоо, ата-энени сыйлоо, падышага берилгендик, сылыктык ж. б. ыймандык (моралдык) нормалар кирген. Конфуцийдин ырастоосунда жэн-ге ак сөөктөр (цзюнь) гана жетишип, букаралар (сяо жэнь) жетише алышпайт. Анын окуусу боюнча падышалык Асмандын (кудайдын) ыйык буйругу м-н тартууланган бийлик, ошондуктан башкаруучу «Асмандын уулу» (тяньц-зы) деп жарыялаган. Конфуцийдин идеясы – конфуцийчиликтин диний-этикалык окуусунун негизи болуп калды. Б. з. ч. 2-кылымдан тартып 1911-13-жылдардагы Синхай революциясына чейин конфуцийчилик Кытайдын расмий мамлекеттик идеологиясы болуп келген. Кыргызстанда 2008-жылдан К. Карасаев атындагы БГУда Конфуций атындагы институт иштейт.
Ад.: Сигэки Кандзука. Конфуций. Первый учитель Поднебесной. М., 2003; Малявин В. В. Конфуций. М., 2007.