КОНТИНУУМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНТИ́НУУМ</b> (лат. continuum – үзгүлтүксүз) – математикада түзүлүштүн же объектинин үзгүлтүксүздүк касиетке ээ болуусун ж-а анын кубаттуулугун белгилөө үчүн колдонулуучу термин. Математикада чыныгы сандар системасы же сандык | <b type='title'>КОНТИ́НУУМ</b> (лат. continuum – үзгүлтүксүз) – математикада түзүлүштүн же объектинин үзгүлтүксүздүк касиетке ээ болуусун ж-а анын кубаттуулугун белгилөө үчүн колдонулуучу термин. Математикада чыныгы сандар системасы же сандык континуум жакшы изилденген. Чыныгы сандар системасынын үзгүлтүксүздүк касиеттери ар түрдүү аксиомалардын жардамы м-н мүнөздөлүшү мүмкүн. Эгерде негизги түшүнүк катары бара­барсыздык колдонулса, анда ар кандай <i>а</i> ж-а <i>b (а<b</i> ) чыныгы сандары үчүн сан континуумунун үзгүлтүксүздүгүн төмөнкүдөй мүнөздөөгө болот: а) ар кандай эки <i>а<b</i> болгон сандар үчүн алар­дын арасында жаткан жок дегенде бир сан <i>с</i> табылып, <i>а<с<b</i> барабарсыздыгы орун алат; б) эгерде чыныгы сандын баарын эки <i>А</i> ж-а <i>В</i> класска: <i>А</i> классынын ар кандай саны а, В-нын ар кандай саны <i>b</i>дан кичине болгудай кылып бөлсө, анда <i>A</i> классында эң чоң сан же <i>В</i> клас­сында эң кичине сан бар (экинчиси Дедекинд үзгүлтүксүздүгү жөнүндөгү аксиома). Натуралдык сандардын бардык камтылган көптүктөрүнүн кубаттуулугу (элементтеринин санын көрсөтөт) болгон кардиналдык сан 2А° континуум кубаттуулугу деп аталат. Төмөнкү көптүктөр: 1) бардык чы­ныгы сандар көптүгү; 2) (0. 1) интервалындагы чекиттер көптүгү; 3) (<i>а, b</i>) интервалындагы бар­дык иррационалдык сандар көптүгү континуум кубаттуулукка ээ. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
07:22, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНТИ́НУУМ (лат. continuum – үзгүлтүксүз) – математикада түзүлүштүн же объектинин үзгүлтүксүздүк касиетке ээ болуусун ж-а анын кубаттуулугун белгилөө үчүн колдонулуучу термин. Математикада чыныгы сандар системасы же сандык континуум жакшы изилденген. Чыныгы сандар системасынын үзгүлтүксүздүк касиеттери ар түрдүү аксиомалардын жардамы м-н мүнөздөлүшү мүмкүн. Эгерде негизги түшүнүк катары барабарсыздык колдонулса, анда ар кандай а ж-а b (а<b ) чыныгы сандары үчүн сан континуумунун үзгүлтүксүздүгүн төмөнкүдөй мүнөздөөгө болот: а) ар кандай эки а<b болгон сандар үчүн алардын арасында жаткан жок дегенде бир сан с табылып, а<с<b барабарсыздыгы орун алат; б) эгерде чыныгы сандын баарын эки А ж-а В класска: А классынын ар кандай саны а, В-нын ар кандай саны bдан кичине болгудай кылып бөлсө, анда A классында эң чоң сан же В классында эң кичине сан бар (экинчиси Дедекинд үзгүлтүксүздүгү жөнүндөгү аксиома). Натуралдык сандардын бардык камтылган көптүктөрүнүн кубаттуулугу (элементтеринин санын көрсөтөт) болгон кардиналдык сан 2А° континуум кубаттуулугу деп аталат. Төмөнкү көптүктөр: 1) бардык чыныгы сандар көптүгү; 2) (0. 1) интервалындагы чекиттер көптүгү; 3) (а, b) интервалындагы бардык иррационалдык сандар көптүгү континуум кубаттуулукка ээ.