ОРГАНОИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОРГАНОИДДЕР - клетканын туруктуу структуралык элементтери, клетка органдары. 0. клетканын тиричилигинде генетикалык маалыматты (тукум куучулукту) сактоо жана алып жүрүү, зат ташуу, синтездөө, ажыратуу, энергиянын айланышы, кыймылдоо ж. б. функцияларды аткарат. Эукариот клеткалардын 0-ине клетка мембранасы, Гольжи аппараты, митохондриялар, хромосомалар, эндоплазма торчосу, рибосома, лизосома, микротүтүкчөлөр кирет. Жаныбар клеткаларында центриолдор жана микрофибриллдер, ал эми өсүмдүк клеткаларында аларга гана мүнөздүү пластидалары бар. Прокариот клеткаларда көпчүлүк О. жок. Аларда клетка мембранасы жана рибосомалар гана болот. Микротүтүкчөлөр жана центриолдор жаныбар клеткаларынын кыймыл органы болгон кирпикчелер менен шапалакчалардын негизги бөлүгүн түзөт. Бир клеткалуу организмдердин кирпикчелери менен шапалакчалары, кыймыл органдарынын функциясын аткарат. Тамак сиңирүүчү жана бөлүп чыгаруучу вакуолдору органеллалар деп аталат.