ОРГАНОИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАНОИДДЕР - клетканын туруктуу струк­туралык элементтери, клетка органдары. 0. клетканын тиричилигинде генетикалык маалыматты (ту­кум куучулукту) сактоо жана алып жүрүү, зат ташуу, синтездөө, ажыратуу, энергиянын айла­нышы, кыймылдоо ж. б. функцияларды атка­рат. Эукариот клеткалардын 0-ине клетка мем­бранасы, Гольжи аппараты, митохондриялар, хромосомалар, эндоплазма торчосу, рибосома, лизосома, микротүтүкчөлөр кирет. Жаныбар клеткаларында центриолдор жана микрофибрил­лдер, ал эми өсүмдүк клеткаларында аларга гана мүнөздүү пластидалары бар. Прокариот клетка­ларда көпчүлүк О. жок. Аларда клетка мембра­насы жана рибосомалар гана болот. Микротүтүк­чөлөр жана центриолдор жаныбар клеткалары­нын кыймыл органы болгон кирпикчелер менен шапалакчалардын негизги бөлүгүн түзөт. Бир клеткалуу организмдердин кирпикчелери менен шапалакчалары, кыймыл органдарынын функ­циясын аткарат. Тамак сиңирүүчү жана бөлүп чыгаруучу вакуолдору органеллалар деп аталат.