ОПТИКАЛЫК СПЕКТРЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОПТИКАЛЫК СПЕКТРЛЕР - толкун узундугу 103- 10-3 мкм диапазондогу электр-магниттик нур­лануунун спектрлери. О. с. нур чыгаруучу, жу­туучу, чагылтуучу жана чачыратуучу болуп айыр­маланат. 0. с. атом системаларында кванттык өтүш учурунда алынат. Ар түрдүү заттардын нурлануусунун спектрдик курамы өтө эле ар башка. Бирок ошого карабастан, бардык спект­рлерди, тажрыйба көргөзгөндөй бири биринен өтө эле айырмаланган үч түргө бөлүүгө болот. Алар: сызыктуу (айрым спектр сызыктарынан турган), тилкелүү (кандайдыр бир толкун узундуктагы интервал менен аныкталуучу аирым спектр тилкелеринен турган) жана туташ болу­шу мүмкүн. Заттын атомдору сызыктуу О. с-ди, молекулалар тилкелүү спектрлерди берет. 0. с. заттардын түзүлүшүн жана курамын изилдөөдө кеңири колдонулат.