ОПТИКАЛЫК СПЕКТРЛЕР
ОПТИКАЛЫК СПЕКТРЛЕР - толкун узундугу 103- 10-3 мкм диапазондогу электр-магниттик нурлануунун спектрлери. О. с. нур чыгаруучу, жутуучу, чагылтуучу жана чачыратуучу болуп айырмаланат. 0. с. атом системаларында кванттык өтүш учурунда алынат. Ар түрдүү заттардын нурлануусунун спектрдик курамы өтө эле ар башка. Бирок ошого карабастан, бардык спектрлерди, тажрыйба көргөзгөндөй бири биринен өтө эле айырмаланган үч түргө бөлүүгө болот. Алар: сызыктуу (айрым спектр сызыктарынан турган), тилкелүү (кандайдыр бир толкун узундуктагы интервал менен аныкталуучу аирым спектр тилкелеринен турган) жана туташ болушу мүмкүн. Заттын атомдору сызыктуу О. с-ди, молекулалар тилкелүү спектрлерди берет. 0. с. заттардын түзүлүшүн жана курамын изилдөөдө кеңири колдонулат.