ОПРИЧНИНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПРЙЧНИНА - Россиянын тарыхында (1565- 72) мамлекеттик террор жана чукул чаралар системасы; өзгөчө ээлик, падыша Иван Грозныйдын убагындагы мамлекеттин бир бөлүгү (удел). Падышанын башкаруусунда турган жана күчтүү борбордук бийлик түзүү үчүн жүргүзгөн күрөштө падышага жөлөк болгон. 1560-64-ж. Иван ГУнүн княздар менен боярларга каршы жүргүзгөн иш-чараларына феодалдык ак сөөктөрдүн, жогорку динаяттын нааразычылыгы, ошондой эле падышанын Ливон согушун (1558-81) улантуусу, ага каршы оппозициянын күч алышы О-ны түзүүгө түрткү бергенетикалык Иван IV О-нын негизги максаты «кутумду» жок кылуу деп эсептеген. О. дворяндардын кызыкчылыгын көздөгөн (анткени алар ири феод. аристократиянын экономикалык жана саясий таасирин азайтууга умтулушкан), крепостнойлуктун чындалышына, посад адамдарынын жакырдануусуна алып келген. О-нын өзүнчө аймагы, казынасы, аскери, думасы, приказы болгон. О-нын аймактарынан түшкөн кирешелер мамлекеттик казынага түшүп, О-нын аскерлерин, жетекчилик аппаратты ж. б. камсыздоого жумшалган. Жергиликтүү феодалдар О-нын аймагынан куулуп, алардын жери жана крепостной дыйкандары ак сөөк-опричниктерге берилген. 1572-жылы 0. жоюлуп, тартып алынган жерлердин жарымы мурдакы ээлерине кайтарылган.