ОПРИЧНИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПРЙЧНИНА - Россиянын тарыхында (1565- 72) мамлекеттик террор жана чукул чаралар системасы; өзгөчө ээлик, падыша Иван Грозныйдын уба­гындагы мамлекеттин бир бөлүгү (удел). Пады­шанын башкаруусунда турган жана күчтүү борбордук бийлик түзүү үчүн жүргүзгөн күрөштө падышага жөлөк болгон. 1560-64-ж. Иван ГУнүн княздар менен боярларга каршы жүргүзгөн иш-чаралары­на феодалдык ак сөөктөрдүн, жогорку динаят­тын нааразычылыгы, ошондой эле падышанын Ливон согушун (1558-81) улантуусу, ага каршы оппо­зициянын күч алышы О-ны түзүүгө түрткү бер­генетикалык Иван IV О-нын негизги максаты «кутум­ду» жок кылуу деп эсептеген. О. дворяндардын кызыкчылыгын көздөгөн (анткени алар ири феод. аристократиянын экономикалык жана саясий таа­сирин азайтууга умтулушкан), крепостнойлук­тун чындалышына, посад адамдарынын жакыр­дануусуна алып келген. О-нын өзүнчө аймагы, казынасы, аскери, думасы, приказы болгон. О-нын аймактарынан түшкөн кирешелер мамлекеттик казынага түшүп, О-нын аскерлерин, жетекчи­лик аппаратты ж. б. камсыздоого жумшалган. Жергиликтүү феодалдар О-нын аймагынан куулуп, алардын жери жана крепостной дыйкандары ак сөөк-опричниктерге берилген. 1572-жылы 0. жою­луп, тартып алынган жерлердин жарымы мур­дакы ээлерине кайтарылган.