ОКТЯБРЬ (Сузак р-ну): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКТЯБРЬ - Жалал-Абад облусунун Сузак р-нундагы кыштак. Багыш айыл аймагына карайт. Деңиз деңгээлинен 980 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 27 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 20 км. Калкы 7957 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Эки орто жана музыкалык мектеп, 3 китепкана, оорукана, дарыкана, бала бакча бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар, чакан тигүү цехтери, айылдык ден соолук комитети иштейт. Кыштакта Советтик Союз Баатыры В. Г. Крикун туулган.