ОКТЯБРЬ (Сузак р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ - Жалал-Абад облусунун Сузак р-нун­дагы кыштак. Багыш айыл аймагына карайт. Деңиз деңгээлинен 980 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыштагынан 27 км түштүк-чы­гыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 20 км. Калкы 7957 (2007); негизинен дыйкан чар­баларында эмгектенип, мал багат. Эки орто жана музыкалык мектеп, 3 китепкана, оорукана, дары­кана, бала бакча бар. Турмуш-тиричилик кыз­маты, соода жана тамактануу жайлары, базар­чалар, чакан тигүү цехтери, айылдык ден соо­лук комитети иштейт. Кыштакта Советтик Союз Бааты­ры В. Г. Крикун туулган.