ОКСИМДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКСИМДЕР - альдегид жана кетондун гидрокси­ламин (ЫН2ОН) менен аракеттенүүсүнөн пайда бол­гон бирикмелер; сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрүүчү түссүз суюктук же кристаллдар. О-ди минералдык кислоталардын суу эритмесинде ысытканда баштапкы карбонил бирикмелери­не ажырайт. Альдоксимдерди дегидратацияла­ганда нитрилдер, калыбына келтиргенде бирин­чилик аминдер алынат. О. карбонилдик бирик­мелерди бөлүп алууда, тазалоодо, индентифи­кациялоодо, ошондой эле кээ бир синтездерде аралык зат катары, циклогексанондун оксими капрон чыгарууда, диметилглиоксим никелди аныкто­одо колдонулат.