ОКСИМДЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОКСИМДЕР - альдегид жана кетондун гидроксиламин (ЫН2ОН) менен аракеттенүүсүнөн пайда болгон бирикмелер; сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрүүчү түссүз суюктук же кристаллдар. О-ди минералдык кислоталардын суу эритмесинде ысытканда баштапкы карбонил бирикмелерине ажырайт. Альдоксимдерди дегидратациялаганда нитрилдер, калыбына келтиргенде биринчилик аминдер алынат. О. карбонилдик бирикмелерди бөлүп алууда, тазалоодо, индентификациялоодо, ошондой эле кээ бир синтездерде аралык зат катары, циклогексанондун оксими капрон чыгарууда, диметилглиоксим никелди аныктоодо колдонулат.