ОЙСУЛ АТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЙСУЛ АТА (арабча Вайс ал-Карани) - төөнүн пири, колдоочу ээси. О. а-нын чыныгы аты - олуя Султан Вайс Харани. Ал төө багып, төөнүн сырын жакшы билгендиктен, кербенчилердин таманы жараланган төөсүн заматта дарылап, кербен катарына кошкондугу, ошондон улам төөнүн пири, олуясы болуп калгандыгы, анын Кулжа, Белужстан жана Сейстандагы касиеттүү мазарларына кербенчилердин сыйына тургандыктары айтылат; 0. а. Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларында кездешкен диний жана мифол. түшүнүк.