ОЙСУЛ АТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙСУЛ АТА (арабча Вайс ал-Карани) - төөнүн пири, колдоочу ээси. О. а-нын чыныгы аты - олуя Султан Вайс Харани. Ал төө багып, төөнүн сы­рын жакшы билгендиктен, кербенчилердин та­маны жараланган төөсүн заматта дарылап, кер­бен катарына кошкондугу, ошондон улам төөнүн пири, олуясы болуп калгандыгы, анын Кулжа, Белужстан жана Сейстандагы касиеттүү мазарларына кербенчилердин сыйына турган­дыктары айтылат; 0. а. Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларында кездешкен диний жана мифол. түшүнүк.