ОЗОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЗОН (грекче 02бп - жыттануучу), 03 - кычкылтектин аллотроптук модификациясы; көк түстөгү, кескин жыттуу газ, күчтүү кычкылданткыч. Молекулалык массасы - 47,998 а. м., нормалдуу шартта тыгыздыгы - 2,1445 кг/м³, кайноо темпрасы - 111,9°С, эрүү температурасы - 197,2±0,2°С. Катуу абалда сыя көк шоолалуу кара түстө. Сууда 0°Ста эрүүсү - 0,394 кг/м³, кычкылтекке салыштырганда 10 эсе жогору. О. газ абалда диамагниттүү, суюк абалда начар парамагниттүү. Химиялык формуласы ЗО2+68 ккал (285 кДж) =2О3. Нормалдуу шартта кычкылтектен 1,62 эсе оор. Голландиялык физик М. ван Марум тарабынан табылып (1785), терминдин аталышы немис химиги X. Ф. Шёнбейн тарабынан сунушталган (1840). Жогорку концент-сында жарылуу менен ажырайт. Электр разрядында (мисалы, чагылган болгон убакта) жана ультракызгылт көк нурлануунун таасири астында (мисалы, стратосферада Күндүн ультра кызгылт көк нурлануусу) О2ден пайда болот. Өндүрүштө озонатордун жардамы менен алынат. О-дун негизги массасы катмар - озоносфера түрүндө атм-да 10дон 50 тслгге чейинки бийиктикте, эң жогорку концент-сы 20-25 км бийиктикте жайгашкан. Бул катмар жердеги тирүү организмдерди Күндүн кыска толкундуу ультракызгылт көк радиациясынын зыяндуу таасиринен сактайт. Ө. ж-да О3 абага электр разрядын таасир кылуу менен алынат. О. өтө уулуу, организмге түшсө өлүмгө алып келет. Суу, абаны тазалоо үчүн; муздаткычта, консервалоодо, пиво кайнатууда бактерицид каражат катары; кагаз, саман, май ж. б., ошондой эле айрым органикалык химиялык продуктуларды (ванилин, камфара, май кислоталары ж. б.) агартуу үчүн пайдаланылат.
Ад.: Озон // Справочник химика. Т. 2. Л., 1971; Карякин Ю. В„ Ангелов И. И. Чистые химические вещества. М., 1974; Апйгет Иезз1ег ТЬе СЬеипнЪгу апс! РЬувхсз о£ 81га1озрЬепс Охопе. Асадеппс Ргезз. 2000; Ларин И. К. Химия озонового слоя и жизнь на Земле /[ Химия и жизнь - XXI век. № 7. М., 2000.