ОЗОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЗОН (грекче 02бп - жыттануучу), 03 - кычкыл­тектин аллотроптук модификациясы; көк түстөгү, кескин жыттуу газ, күчтүү кычкылдант­кыч. Молекулалык массасы - 47,998 а. м., нормалдуу шартта тыгыздыгы - 2,1445 кг/м³, кайноо темп­расы - 111,9°С, эрүү температурасы - 197,2±0,2°С. Катуу абалда сыя көк шоолалуу кара түстө. Сууда 0°Ста эрүүсү - 0,394 кг/м³, кычкылтекке салыштырганда 10 эсе жогору. О. газ абалда диа­магниттүү, суюк абалда начар парамагниттүү. Химиялык формуласы ЗО2+68 ккал (285 кДж) =2О3. Нормалдуу шартта кычкылтектен 1,62 эсе оор. Голландиялык физик М. ван Марум тарабынан табы­лып (1785), терминдин аталышы немис химиги X. Ф. Шёнбейн тарабынан сунушталган (1840). Жогорку концент-сында жарылуу менен ажы­райт. Электр разрядында (мисалы, чагылган бол­гон убакта) жана ультракызгылт көк нурлануу­нун таасири астында (мисалы, стратосферада Күндүн ультра кызгылт көк нурлануусу) О2ден пайда болот. Өндүрүштө озонатордун жардамы менен алынат. О-дун негизги массасы катмар - озо­носфера түрүндө атм-да 10дон 50 тслгге чейинки бийиктикте, эң жогорку концент-сы 20-25 км бийиктикте жайгашкан. Бул катмар жердеги тирүү организмдерди Күндүн кыска толкундуу ультракызгылт көк радиациясынын зыяндуу таасиринен сактайт. Ө. ж-да О3 абага электр раз­рядын таасир кылуу менен алынат. О. өтө уулуу, организмге түшсө өлүмгө алып келет. Суу, аба­ны тазалоо үчүн; муздаткычта, консервалоодо, пиво кайнатууда бактерицид каражат катары; кагаз, саман, май ж. б., ошондой эле айрым органикалык химиялык продуктуларды (ванилин, камфара, май кислота­лары ж. б.) агартуу үчүн пайдаланылат.

Ад.: Озон // Справочник химика. Т. 2. Л., 1971; Карякин Ю. В„ Ангелов И. И. Чистые химические вещества. М., 1974; Апйгет Иезз1ег ТЬе СЬеипнЪгу апс! РЬувхсз о£ 81га1озрЬепс Охопе. Асадеппс Ргезз. 2000; Ларин И. К. Химия озонового слоя и жизнь на Земле /[ Химия и жизнь - XXI век. № 7. М., 2000.