ОЗМО МУФТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЗМО МУФТА, эркин жүрүү муфта­с ы - механикалык трансмиссиянын тетиги. Ал жете­ленме вал кандайдыр бир себеп менен тез айлана баштаса, айлантма.моментти жетеленме валдан жетекчөөчү валга берүүнү токтотот. 0. менены алгач немис механиги О. Штивер ойлоп таап, 1903-жылы велосипедге пайдаланылган. 0. м. ве­лосипеддин кыймылга келтиргичинде колдону­латынча Велосипед тээп бараткан адам педалды айлантканды токтоткондо, велосипед инерция

менен жүрүү учурунда 0. м. иштеп, дөңгөлөктү педалдан ажыратат да, педаль айланбай калат. Жөнөкөй 0. м. биринин үстүнө бири кийгизил­ген эки шакектен турат. Сырткы шакектин бе­тине атайын оюк (ноо) жасалат. Ички шакек­те пружинага кийгизилген шариктер же ролик­тер же сырткы шакекке таянган желекче жай­гаштырылат. Шариктер пружинанын таасири менен бир багытта айланганда оюктан түртүлүп чыгып, эки шакектин ортосуна шынаа болуп, айланбай, ал эми артка айланганда ордуна ке­лип, шакектер бир-бирине көз карандысыз ай­лангыдай жасалат. 0. м. трактордун чиркегич­теринде, электр стартерлүү мотоциклде, велоси­педдин арткы огунда, радио менен башкарылуу­чу автомоделдерде ж. б-да колдонулат.