ОЗМО МУФТА
ОЗМО МУФТА, эркин жүрүү муфтас ы - механикалык трансмиссиянын тетиги. Ал жетеленме вал кандайдыр бир себеп менен тез айлана баштаса, айлантма.моментти жетеленме валдан жетекчөөчү валга берүүнү токтотот. 0. менены алгач немис механиги О. Штивер ойлоп таап, 1903-жылы велосипедге пайдаланылган. 0. м. велосипеддин кыймылга келтиргичинде колдонулатынча Велосипед тээп бараткан адам педалды айлантканды токтоткондо, велосипед инерция
менен жүрүү учурунда 0. м. иштеп, дөңгөлөктү педалдан ажыратат да, педаль айланбай калат. Жөнөкөй 0. м. биринин үстүнө бири кийгизилген эки шакектен турат. Сырткы шакектин бетине атайын оюк (ноо) жасалат. Ички шакекте пружинага кийгизилген шариктер же роликтер же сырткы шакекке таянган желекче жайгаштырылат. Шариктер пружинанын таасири менен бир багытта айланганда оюктан түртүлүп чыгып, эки шакектин ортосуна шынаа болуп, айланбай, ал эми артка айланганда ордуна келип, шакектер бир-бирине көз карандысыз айлангыдай жасалат. 0. м. трактордун чиркегичтеринде, электр стартерлүү мотоциклде, велосипеддин арткы огунда, радио менен башкарылуучу автомоделдерде ж. б-да колдонулат.