НЫЛДЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НЫЛДЫ - Талас облусунун Манас районундагы кыш­так. Кайыңды айыл аймагына караштуу. Та­лас - Жамбыл автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1360 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Покровка кыштагынан 41 км чы­гыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казак­стан) 68 км. Калкы 600 (2010); негизинен мал багып, тоют даярдашат. Мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары иштейт.