НЫЛДЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЫЛДЫ - Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Кайыңды айыл аймагына караштуу. Талас - Жамбыл автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1360 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 41 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 68 км. Калкы 600 (2010); негизинен мал багып, тоют даярдашат. Мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары иштейт.