НУРА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУРА ТООСУ (моңголчо нура - терең капчы­гай, суу жеп кеткен бийик кемер, жардуу жер) Ички Теңир-Тоодо, Он-Арча өрөөнү менен Кичи Нарын капчыгайынын аралыгында кеңдик ба­гытта жатат. Узундугу 45 км, туурасы 24 км. Түндүк жагындагы Көк-Торпок, Сары-Күнгөй өрөөндөрү аны Капка-Таш кырка тоосунан бөлүп турат. Орт. бийиктиги 3900 м, эң бийик чокусу Капка­Суу (4460 м, чыгыш бөлүгүндө). Капталдары бир­дей эмес: тескей тарабы кууш, аска-зоокалуу, күңгөй бети жазы, бирок тик, этек жагы бийик адырлуу, батыш жагында чаптуу терең өрөөндөр көп. Түндүк капталындагы төрлөрдө мөңгүлөрү бар (жалпы аянты 19,2 кмг), көбү Орто-Нура ашуу­сунан чыгыш тарапта; алардан Көк-Торпок, Сары-Күнгөй суулары жана Кичи Нарындын ай­рым куймалары башталат. Н. т-нда ландшафт­тын бийиктик зоналуулугу даана байкалат. Жа­пызыраак түндүк этектерин бетеге-шыбактуу кур­гак талаа, күнөстүү капталдарда 2200-2700 м бийиктикте (айрым жерлерде андан да жoro­ру) шор өсүмдүктөрү, төө куйрук аралаш кези­гүүчү шыбак, бетеге, ак кылкандуу жарым чөл, 2700 мден жогору жапалак арча, түрдүү бадал аралашкан бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, 3300-3700 м бийиктикте доңуз сырты, бетеге ба­сымдуулук кылган түркүн чөптүү альптпалбаа­луу талаа ландшафттары орун алган. Тоонун тескей жана батыш, түндүк-батыш капталдарында карагай токойлуу шалбаа (2300-3200 м)-, түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман ж. б.), доңуз сырт­туу, бетегелүү субальп шалбаалуу талаа, 3400- 3500 аден жогору доңуз сырты, өлөң чөптүү альп шалбаасы таралган. 3600-3700 мден би­йик көтөрүлгөн тоо жондорун, чокуларды гляциалдык-нивалдык алкак ээлейт. Жайкы жайыт.