НУРА ТООСУ
НУРА ТООСУ (моңголчо нура - терең капчыгай, суу жеп кеткен бийик кемер, жардуу жер) Ички Теңир-Тоодо, Он-Арча өрөөнү менен Кичи Нарын капчыгайынын аралыгында кеңдик багытта жатат. Узундугу 45 км, туурасы 24 км. Түндүк жагындагы Көк-Торпок, Сары-Күнгөй өрөөндөрү аны Капка-Таш кырка тоосунан бөлүп турат. Орт. бийиктиги 3900 м, эң бийик чокусу КапкаСуу (4460 м, чыгыш бөлүгүндө). Капталдары бирдей эмес: тескей тарабы кууш, аска-зоокалуу, күңгөй бети жазы, бирок тик, этек жагы бийик адырлуу, батыш жагында чаптуу терең өрөөндөр көп. Түндүк капталындагы төрлөрдө мөңгүлөрү бар (жалпы аянты 19,2 кмг), көбү Орто-Нура ашуусунан чыгыш тарапта; алардан Көк-Торпок, Сары-Күнгөй суулары жана Кичи Нарындын айрым куймалары башталат. Н. т-нда ландшафттын бийиктик зоналуулугу даана байкалат. Жапызыраак түндүк этектерин бетеге-шыбактуу кургак талаа, күнөстүү капталдарда 2200-2700 м бийиктикте (айрым жерлерде андан да жoroру) шор өсүмдүктөрү, төө куйрук аралаш кезигүүчү шыбак, бетеге, ак кылкандуу жарым чөл, 2700 мден жогору жапалак арча, түрдүү бадал аралашкан бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, 3300-3700 м бийиктикте доңуз сырты, бетеге басымдуулук кылган түркүн чөптүү альптпалбаалуу талаа ландшафттары орун алган. Тоонун тескей жана батыш, түндүк-батыш капталдарында карагай токойлуу шалбаа (2300-3200 м)-, түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман ж. б.), доңуз сырттуу, бетегелүү субальп шалбаалуу талаа, 3400- 3500 аден жогору доңуз сырты, өлөң чөптүү альп шалбаасы таралган. 3600-3700 мден бийик көтөрүлгөн тоо жондорун, чокуларды гляциалдык-нивалдык алкак ээлейт. Жайкы жайыт.