НУМИЗМАТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУМИЗМАТИКА (латынча пипизта - тыйын) - тарых илиминин тыйын жана акча-товар мамилелерин үйрөтүүчү көмөкчү бөлүгү. Орто кылымдарда Европанын шаарларында антикалык (байыркы римдик, гректик) тыйындардын менчик коллекциялары пайда болгон. Коллекция ээлери окумуштуулардын жардамы менен тыйындарды, ошондой эле кагаз акчаларды (бионистика), медалдарды, ордендерди, жетондорду, значокторду (фалеристика) изилдеп, сүрөттөп, каталог түзүшкөн. Аларды сактай турган «мюнцкабинеттер» негизделген. Н. тарых, археология, экономика, ис-во жана тил маселелерин изилдөөдө маанилүү маалыматтарды берет. Н-нын негизги милдети - акча системасын жана анын тарыхый доорлордогу өнүгүү процессин талдоо. Н-нын негизги изилдөө методдорунун бири - тыйын салыктарынын (казыналарынын) жана өз алдынча табылган тыйындардын топографиясын түзүү. Натыйжада, байыркы соода жолдору, мамлекеттердин тыйын чыгаруу техникасы, өзгөчөлүктөрү, чыгарган жерлери, хронологиясы аныкталат. Археол. табылгалардын жашын аныктоодо Н-лык экспонаттардын мааниси зор. Алгачкы тыйындар Лидияда (Кичи Азия) жана Эгина а-нда (Грекия) чегилген (биздин заманга чейинки 8-к-дын аягы - 7-к-дын башы). Тыйындын оң бети - аверс (адатта тыйынды чыгарган мамлекеттин герби же мамлекет башчысынын портрети түшүрүлөт), сол бети - реверс, тыйындын кыры - гурт (жылмакай, сүрөт же жазуу түшүрүлөт), тыйындын эки жак бети - монета талаасы, тыйындагы жазуу - легенда, күмүш, алтын, платина тыйындардагы баалуу эмес металлдын кошулмасы - лигатура деп аталган. Кыргызстандын аймагынан байыркы антикалык, рим, византия, согд доорлоруна, о. кылымдардагы араб, саманилерге таандык тыйындар табылган. Кыргызстандын Ордо, Куз-Ордо, Өзгөн ж. б. ш-нда түргөш тыйындары (8-9-к.), илек (караханиддер) дирхемдери, фельстер (11-13-к.) жасалган.
