НУМИЗМАТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУМИЗМАТИКА (латынча пипизта - тыйын) - тарых илиминин тыйын жана акча-товар мами­лелерин үйрөтүүчү көмөкчү бөлүгү. Орто кылым­дарда Европанын шаарларында антикалык (ба­йыркы римдик, гректик) тыйындардын менчик коллекциялары пайда болгон. Коллекция ээле­ри окумуштуулардын жардамы менен тыйындар­ды, ошондой эле кагаз акчаларды (бионистика), медал­дарды, ордендерди, жетондорду, значокторду (фалеристика) изилдеп, сүрөттөп, каталог түзүш­көн. Аларды сактай турган «мюнцкабинеттер» негизделген. Н. тарых, археология, экономика, ис-во жана тил маселелерин изилдөөдө маанилүү маалыматтарды берет. Н-нын негизги милдети - акча системасын жана анын тарыхый доорлор­догу өнүгүү процессин талдоо. Н-нын негизги изилдөө методдорунун бири - тыйын салыкта­рынын (казыналарынын) жана өз алдынча та­былган тыйындардын топографиясын түзүү. Натыйжада, байыркы соода жолдору, мамле­кеттердин тыйын чыгаруу техникасы, өзгөчө­лүктөрү, чыгарган жерлери, хронологиясы анык­талат. Археол. табылгалардын жашын анык­тоодо Н-лык экспонаттардын мааниси зор. Ал­гачкы тыйындар Лидияда (Кичи Азия) жана Эги­на а-нда (Грекия) чегилген (биздин заманга чейинки 8-к-дын ая­гы - 7-к-дын башы). Тыйындын оң бети - аверс (адатта тыйынды чыгарган мамлекеттин герби же мамлекет башчысынын портрети түшүрүлөт), сол бети - реверс, тыйындын кыры - гурт (жыл­макай, сүрөт же жазуу түшүрүлөт), тыйындын эки жак бети - монета талаасы, тыйындагы жазуу - легенда, күмүш, алтын, платина ты­йындардагы баалуу эмес металлдын кошулма­сы - лигатура деп аталган. Кыргызстандын аймагы­нан байыркы антикалык, рим, византия, согд доорлоруна, о. кылымдардагы араб, саманилерге таандык тыйындар табылган. Кыргызстандын Ордо, Куз-Ордо, Өзгөн ж. б. ш-нда түргөш тыйында­ры (8-9-к.), илек (караханиддер) дирхемдери, фельстер (11-13-к.) жасалган.

Рим империясынын мезгилиндеги тыйындар.